Боомдо унаа кыймылы чектелип, кооптуу таштар кулатылат
RU

Боомдо унаа кыймылы чектелип, кооптуу таштар кулатылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргыз Темир Жолу" мамлекеттик ишканасы 27-сентябрдан 1-октябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3,901-чакырымы) кооптуу таштарды кулатуу иш-чарасы жүргүзүлөрүн маалымдайт.

Таштарды кулатуу иши жолдун бир тарабын тосуп, эртең мененки 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаа топтолгондо таштарды түшүрүү иштери токтотулуп, жол ачылат, деп "Кыргыз темир жолу" түшүндүрдү.

Бул иштер кооптуу аймакта таш кулоонун алдын алуу үчүн жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3659