Жыртык байпак модага айланат
RU

Жыртык байпак модага айланат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мода дагы бир ойго келбеген нерсени киргизип, анын айынан интернетте кызуу талкуу жаралды. Бүгүнкү күндө айрылып калган джинсы менен эч кимди деле таң калтыра албайсың, жыртыктары бар футболка менен кофталар стилдин бир бөлүгүнө айланган. Эркектердин кайсы кийими тезирээк жыртылат? Туура байпагы! Дизайнерлер алгачкы жолу жыртыгы даяр байпактарды чыгарышты.

Бүгүнкү күндө жаштар өздөрүнүн образын толуктоо үчүн жыртык байпактарды тандап жатышат. Жыртык байпак - бул тренд. Коомчулуктун каршылыгын жараткан нерселердин бардыгын жаштар жеңил желпи кабыл алып жатышат", - дейт дизайнер Игорь Гуляев.

Дизайнер жана стилист Гоша Карцев, жыртык байпак өзүңдү-өзүң тамашага салганың, шылдыңдаганың, келечекте көпчүлүк киет болуш керек, деди.

Мындан мурун япониялык дизайнер Такаюки Фукудзаванын айтымында, анын байпактары ар дайым жыртылып берчү, ошондуктан муну акыры трендге айланыдрууну чечкен.

Маалымат булагы: Rren.tv news

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3660