Алымкадыр Бейшеналиев кыргыз-түрк ооруканасындагы операцияларга өзү катышат
RU

Алымкадыр Бейшеналиев кыргыз-түрк ооруканасындагы операцияларга өзү катышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-түрк достугунун Бишкек мамлекеттик ооруканасында кабыл алуу жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда Биринчи радионун эфиринде Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, бөлүмгө чет өлкөдө дарыланууну каалаган бейтаптардан миңге жакын арыз түшкөн. "Бул операциялар кымбат турат. Биз Түркия жана Россия менен мурда сүйлөшкөнбүз. Бирок, башка өлкөлөрдө бар аппараттар кыргыз-түрк ооруканасында деле бар. 20 күн бою ошол чет өлкөгө кетүүгө муктаж болгондордун баары дарыланууга кезекке жазылышты. Жакынкы күндөрү операциялар башталат ", - деди Бейшеналиев.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы операцияларга хирург катары катыша турганын кошумчалады. "Ал ооруканада башка медициналык мекемелерде жасалбаган операциялар жасалат",-деп түшүндүрдү Бейшеналиев. Ошондой эле жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптарга талап кылынган стенттер азыркыдай 1,5-3 миң доллар эмес, 400-500 доллар болорун убада кылды. "Биз буга чейин түрк тарап менен макулдашып, аны талкуулаганбыз", - деп жыйынтыктады ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3664