Пара алды деп кармалган Таалайбек Нуралиев кызматынан алынды
RU

Пара алды деп кармалган Таалайбек Нуралиев кызматынан алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таалайбек Нуралиев берилген арызга ылайык, өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду.

Тиешелүү буйрукка 16-сентябрда министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов кол койду.

Эске сала кетсек, Нуралиев өз иш бөлмөсүндө пара алуу иши менен кармалган. Ал системалуу түрдө пара талап кылган деп шектелүүдө. Андан кичинекей калибрдүү куралдын окторун, 3500 доллар, 59 миң сом, чөнтөк телефондорун табышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3669