Call-борбор: Бишкектин айдоочулары эң эле начар жана маданиятсыз
RU

Call-борбор: Бишкектин айдоочулары эң эле начар жана маданиятсыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин тургуну Call-борборго жазып, нааразычылыгын билдирди.

Кулатов көчөсүн үч-төрт айдан бери оңдоп жатышат. Жакында эле асфальттын экинчи катмары төшөлүп, ал унаалар үчүн ачылган. Машинелер жүрө ттурган жол жасалганы менен жүргүнчүлөргө тротуар салына элек. Топурак, таш. темир тезектин бардыгы жолдун четине төгүлгөн, ошондуктан жүргүнчүлөр ал жактан баса албайт.

Муниципалдык кызматкерлер машине жүргөн жолдун бир бөлүгүн, жолго коюла турган конус, бетон кирпич, чоң таш, машиненин дөңгөлөктөрүн коюп, атайын жөө баскандарга ылайыктап койгон болчу. Жолдо оңдоп түзөө иштери жүрүп жатат деген белги орнотулган стенд да турат.

Бирок 25-сентябрь күнү конус, стенд, кирпичтердин бардыгын жолдун четиндеги арыктарга ыргытылып калыптыр. Бул дем алыш күнү жасалып жатат. Жергиликтүү жашоочулар, бардыгын ордуна коюп, койсо, кайра эле ушул көрүнүш кайталанат. Кыскасы, бишкектик айдоочулар өзүм билемдик менен жолдогу белгилерди туш тарапка ыргытып салып жатышат.

Жолдун бою менен жөө жүргөн кишилер, коляскасын сүйрөгөн апалар, велосипед тепкен балдар жүрүшөт. Бирок айдоочуларга ал маанилүү эмес, алар өзүнүн ыңгайын гана карашат, жеке өзүн гана ойлогон эгоисттер.

Пробка болуп унаалар батпай калды десең, андай көйгөй деле жок.

Менимче, айдоочулар жөн гана машине айдаганды билишпейт. Жолдогу конустарды тепсеп, артынан сүйрөп кетишет. Анан так ушул жерден машинелерин катуу ылдамдыкта айдап өткөндү жактырышат.

Мэрия жана жол жасагандарга эч кандай доом жок, колунан келген ишин жасап жатышат. Бул жакта кеп айдоочулар жөнүндө гана болуп жатат, деп окурман жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3683