Жеке жактардын салык статусун (резиденттигин) ырастоо боюнча функция Салык кызматына өттү
RU

Жеке жактардын салык статусун (резиденттигин) ырастоо боюнча функция Салык кызматына өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-декабрындагы токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салуудан качуу (четтөө) жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу тууралуу макулдашууларды аткаруу тартиби жөнүндө жобого тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Мында салык төлөөчүлөргө, анын ичинде жеке жактарга резиденттиктин сертификатын берүүнүн шарттары жана мөөнөттөрү өзгөрүүсүз бойдон калтырылды.

Кыргыз Республикасынын резиденттик сертификатынын болушу салык төлөөчүлөргө бир гана өлкөдө салык салынышына жана бир эле кирешеге кош салыктын салынышын четтетүү укугун берет.

Эске салсак, мурда резиденттик сертификаты Салык кызматы тарабынан юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге гана берилчү, ал эми жеке жактарга Экономика минстрлигинен берилчү.

Кененирээк маалыматты (0312)61-28-70 телефону боюнча алууга болот, деп мамлекеттик салык кызматынын басма сөз бөлумү маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/368