Синоптиктер катуу шамал тууралуу эскертүү берди
RU

Синоптиктер катуу шамал тууралуу эскертүү берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Синоптиктер Кыргызстан боюнча бороон-чапкын боло турганын эскертишти.

1-октябрдан 4-октябрга чейин аба ырайы кескин өзгөрүшү мүмкүн. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө. 2-3-октябрда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болот. Кээ бир жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

2-3-октябрда абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт

  • Чүй өрөөнүндө 5 ... 10°ка чейин;
  • Талас өрөөнүндө 4 ... 9°ка чейин;
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 9 ... 14°ка чейин;
  • Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык зонасында 4 ... 9°ка чейин, тоолуу райондордо 0 ... -5° ка чейин түшүшү мүмкүн.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, малды жайытта кармоону, транспорттун, байланыштын, энергетиканын жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

3-5-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык зонасында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0 ... -2° чейин үшүк жүрүшү күтүлөт. Ал эми Талас, Ысык- Көл, Нарын облустарында -2 ... -4°ка чейин түшөт.

Мындай суук аба ырайы жыйналбаган жашылча өсүмдүктөрү, казылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3703