Валентина Шевченко Холли Берри менен "Көгала" тасмасына тартылат
RU

Валентина Шевченко Холли Берри менен "Көгала" тасмасына тартылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Валентина Шевченко АКШга болгон сапарынын алкагында (UFCде чемпиондук курун коргогон) жарнак кампаниясынын "Көгала" ("В синяках") тасмасына катышкан. Бул тууралуу Валентина социалдык баракчасында билдирди.

"Лос-Анжелесте жакшы күндөрдү өткөрдүм. "Көгаланын" премьерасы үчүн бир нече интервью бердим", - деп жазган спортчу.

Белгилей кетсек, "Көгала" тасмасы Холли Берринин режиссердук дебюту болуп саналат. Өзү дагы башкы ролду ойногон. Бала менен рингдин ортосунда жүргөн Жеки спорттук карьераны тандаган. Бирок, эрежесиз урушта ийгиликке жете албагандыктан, алты жашар уулун кайтарууну каалайт. Аны ата-энелик укуктарынан ажыратабыз деп коркутушат, андыктан Жеки өзү жана баласынын келечеги үчүн рингге кайтып келет. Холли Берринин башкы атаандашынын образын Валентина Шевченко аткарган. Netflix бул тасманы 20 миллион долларга сатып алган. Драма Netflix'ке 2021-жылдын 24-ноябрь күнү чыгат.

Холли Берри буга чейин Валентина менен съёмка учурунда дос болуп калганын айткан.

Холли Берри Шевченконун спорттук ийгиликтерине көз салып турганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3710