Бүгүн Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатында күрөшөт
RU

Бүгүн Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатында күрөшөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 4-октябрда, дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешине чыгат. Мелдештин программасы Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтына жарыяланган, деп sputnik.kg басылмасы жазды.

Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү 55 жана 62 килограмм салмактагы спортчулар таймашы менен башталат. Кыргызстандын курама командасынан алгачкылардан болуп учурдагы дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова (62 килограмм) килемге чыгат.

Улуттук курама команда мелдешке үч балбанды алып барган. Айпери Медет кызы (76 килограмм) 5-октябрда, ал эми Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) 6-октябрда күрөшөт.

Норвегиянын Осло шаарында Спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши менен башталган. 10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3754