Президенттин администрациясынын унаасы кырсыктап, эки киши каза болду
RU

Президенттин администрациясынын унаасы кырсыктап, эки киши каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2-октябрдан 3-октябрга караган түнү Токмокто жол кырсыгы катталып, ага президенттик администрациянын кызматтык унаасынын катыштыгы бар. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына укук коргоочу органдардан билдиришти.

Авария Гагарин менен Шамсинский көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Президенттик админимстрациянын кызматтык Toyota RAV4 унаасы башка жеңил унаа менен сүзүшкөн. Натыйжасында эки киши каза болгон.

Президенттин администрациясы аварияга кабылган унаа аларга таандык эмес экенин билдирди. Toyota RAV4 унаасынын айдоочусу пропускту кайдан алганын да билбей турганын айтышты.

Чүй облусунун ОИИБси берген маалыматка ылайык, Toyota RAV4 унаасынын эки жүргүнчүсү каза болгонун бирок айдоочусу аман. Андан тышкары алты киши жабыркап, ооруканага жеткирилген. Ведомоство унаа президенттин администрациясына таандык деген маалыматты четке какты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3760