Рыспек Акматбаевдин ата-энеси авариядан каза болушту
RU

Рыспек Акматбаевдин ата-энеси авариядан каза болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунда каза болгон кримтөбөл Рыспек Акматбаевдин ата-энеси жол кырсыгына кабылышты. Бул тууралуу Kaktus.media редкциясына милициядан билдиришти.

Укук сактоочулардын айтымында, бүгүн, 4-октябрда, болжол менен саат 10:30да, Чырпыкты менен Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда Lexus RX-300 унаасы жолдон чыгып, бир нече жолу оодарылып кеткен.

Машинеде 81 жаштагы Сабира Соодалиева жана айдоочу 84 жаштагы Абдымалик Акматбаев бар болчу. Экөө тең алган жараттарынан каза болушкан.

Рыспек Акматбаев Кыргызстандагы эң олуттуу кримтоптун лидери болчу. Ал кезинде мамлекеттик саясатка активдүү катышып, ага карата ачылган кылмыш иштердин бардыгы жоюлган. Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышып, депутаттыка өткөн. 2006-жылы мечиттен чыгып елаткан учурда өлтүрүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3766