Бишкекте жылуулук бериле баштайт
RU

Бишкекте жылуулук бериле баштайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 2021-жылдын 4-октябрында жылытуу боюнча буйрукка кол койду Анда борбор калаадагы жылытуу 5-октябрда саат 00:00дө башталат деп жазылган.

Жылуулук бир нече сааттын ичинде берилип, үйлөр бир аздан кийин жылуу боло баштайт.

Белгилей кетсек, объекттердин туташуусу бир нече күнгө созулат.

Биринчи кезекте мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине жылуулук берилет. Экинчиден - мурунку карызы жокторго, кышкы шартта иштөөгө даярдыгы жөнүндө акт түзгөндөргө, турак жай имараттарына, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерге берилет.

Турак үйлөрдү жылытуу үчүн үйлөрдүн үстүнкү кабаттарынын жылытуучу түзүлүштөрүндө жайгашкан Майевский крандары аркылуу жылытуу системасынан абаны чыгаргыла деген өтүнүч айтылды. Бул чара батирлерге жылуулуктун агымын тездетет, деп эскертет Бишкек мэриясы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3767