Маданият министрлиги Курал Чокоевге карата чара көрдү
RU

Маданият министрлиги Курал Чокоевге карата чара көрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомчулуктун терс реакциясын жараткан ырчы Курал Чокоевдин чуулгандуу автордук программасы боюнча талкуу жүргүзүп, чечим кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактагы кыргызстандын сегментинде жарандар Курал Чокоевдин "В пи#ду звезду" деп аталган тамашалуу көрсөтүүсүнө нааразы болушкан. Көрсөтүү хейт-шоу болчу (россиялык "Прожарка" же "Что было дальше" сыяктуу), анын маңызы чакырылган конокту шылдыңдоо (негизинен атамекендик эстрада жылдыздары).

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2011-жылдын 12-июнундагы буйругу менен Курал Чокоевге ыйгарылган "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин кайтарып алуу буйругуна кол коюлду.

Кайрат Примбердиевди (Ал да көрсотүүго катышкан) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамынан ажыратуу боюнча маданият министрлининин сунушу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына расмий жөнөтүлдү.

Ошону менен бирге, министрликтин тиешелүү мекемелерине аталган ырчыларды Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү мамлекеттик маданий массалык иш-чараларга белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо сунушталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/376