Үч партия биригишти. Кимдер шайлоого чогу барышат?
RU

Үч партия биригишти. Кимдер шайлоого чогу барышат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бир Бол", "Республика" жана Кыргызстан Либерал - Демократиялык партиялары жаңы "Альянс" партиясына биригишти. Алар 28-ноябрда өтө турчу шайлоого чогу барышат. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына депутат Жанар Акаев билдирди.

Буга чейин "Альянс" партиясы Алтынбек Сулаймановду бир мандаттуу талапкер катары көрсөткөнү белгилүү болгон. Ал Ош облусундагы No5 Ноокат шайлоо округунан талапкерлигин коюуга ниеттенүүдө.

Кошумчалай кетсек, Алмаз Тарыкбаев бир мандаттуу No31 Чүй-Кемин округунда партиядан талапкер катары көрсөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3776