Чуулгандуу сериал "Игра в кальмара" кыргыз тилине которулду
RU

Чуулгандуу сериал "Игра в кальмара" кыргыз тилине которулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Учурдагы эң мыкты сериалдардын катарына кирген триллер "Кальмар оюну" сериалы кыргыз тилине да которулду. Бул тууралуу бүгүн, TV1KG телеканылынын продюсери Равшан Личаню Facebook баракчасына жазган.

Продюсердин айтымында, сериалды бүгүн, кечки саат 21:00дө TV1KG каналынан көрсө болот. Сериалдын жети сериясы которулуп бүткөн, калган экөөсү жума күнгө чейин бүтөт. Тасма шейшемби күндөн жума күнгө чейин көрсөтүлөт. Бардыгы бир кишинин, КРдин эмгек сиңирген артисти Турусбек Жумалиевдин үнү менен жаздырылган.

"Игра в кальмара" (Кальмар оюну) - драма жанрындагы Түштүк Кореянын веб сериалы. Тогуз эпизоддон турган сериал акчага муктаждыктан улам жашоонун жашыруун оюнуна катышкан адамдардын тобу жөнүндө баяндайт. Тагыраагы акча үчүн адамдар эмнеге гана барбаганын, көрсөткөн. Сериалда жашоо үчүн күрөш жана анда эң маанилүүсү адам өмүру экенин көрсөтөт. Сериалдын дүйнөлүк премьерасы Netflix платформасында көрсөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3778