Милиция жансыз дененин өздүгүн аныктоого коомчулуктан жардам сурайт (этият болгула, фото)
RU

Милиция жансыз дененин өздүгүн аныктоого коомчулуктан жардам сурайт (этият болгула, фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милиция Жалал-Абад шаарынын Фурманова көчөсүндө 8-декабрда эркек кишинин жансыз денесин тапкан. Бул тууралуу облустук ИИБнин басма сөз кызмат маалымдады.

Билдирүүдө айтылгандай, эркек кишинин жансыз денеси күндүз болжол менен саат 14:30да, "Достук" мончосунун жанынан табылган. Азия улутундагы эркек киши болжол менен 45-55 жашта болчу. Денесинде жарааты жок, өз ажалы менен каза болгондугу божомолдонууда.

Өзгөчө белгилери: Бою 160-165 см. чачы кара, көзү кара, дене түзүлүшү орточо келген, сакал, муруту өскөн.

Кийген кийимдери: Башында кара түстөгү шапка, үстүндө кара түстөгү куртка, ичинде кара түстөгү спорттук кийим, кара түстөгү спорттук шым, бутунда кара түстөгү кроссовки.

Кандайдыр маалымат жана аны тааныган атуулдар болсо, төмөндөгү телефондорго кабарлап коюуңуздарды суранабыз: тел: 102, (03722) 5-28-31, 7-03-44, 0777 79-23-63, 0773 00-08-02.

Этият болгула, фото
Жабуу
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/377