Дастан Бекешев шайлоого катышуу үчүн чай жана таттууларды сатат
RU

Дастан Бекешев шайлоого катышуу үчүн чай жана таттууларды сатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дастан Бекешев кийинки чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн көрсөтүү ниетинде. Ал документтерин БШКга тапшырган.

Бекешев Бишкектеги No28 Октябрь районунан көрсөтүлүүдө.

Ал шайлоого карата краудфандинг ыкмасын колдонгон. Тагыраагы шайлоочулардан акча чогултуп, андан 2,6 миллион сом жыйнады. Эми калган керектүү каражатты чогултуу үчүн чай жана таттууларды сатат.

Шайлоого катышуу үчүн Бекешев дагы 2,3 миллион сом чогултушу керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3784