"Республика" партиясы шайлоого байланыштуу кайрылуу жасады
RU

"Республика" партиясы шайлоого байланыштуу кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Республика" саясий партиясынын КР Жогорку Кеңешине шайлоого байланыштуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Урматтуу Кыргызстандыктар, Урматтуу партиялаштар!

"Республика" саясий партиясына колдоо көрсөтүп келген бардык жарандарга, санаалаштарыбыз менен партиялаштарыбызга терең ыраазычылык билдиргибиз келет. Сиздердин колдооңуздарды терең баалайбыз, 11 жыл ичинде электен өткөн реформатордук командабыз менен сыймыктанабыз.

"Республика" партиясы алдыдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоого катышпоо чечимин кабыл алган. Мындан тышкары, "Республика" партиясы эч ким менен бирикбейт, эч кандай саясий коалицияларга кирбейт. Муну эске алуу менен, биз саясий ишмерлерден сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө да, эл алдында сүйлөөдө да "Республиканын" атын колдонбоого чакырабыз.

Алдыдагы шайлоонун таза жана акыйкаттуу ​​өтүшүн каалайбыз. Ар бир кыргызстандыктын добушу шайлоо күнү гана эмес, өлкөнүн кызыкчылыгын гана көздөгөн келечектеги парламенттин депутаттарынын ишинде да эске алынуусун күтөбүз", - деп билдирүүдо жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3785