Тыныбекова экинчи ирет кантип дүйнө чемпиону болду. Видео
RU

Тыныбекова экинчи ирет кантип дүйнө чемпиону болду. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айсулуу Тыныбекова Норвегияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын утуп алды. Ал 62 кг салмакта күч сынашкан.

Тыныбекова 1/8 финалында Япониянын өкүлүн жеңип, кийинки раундда Беларусь өкүлүн утуп алган. Ал эми жарым финалда Тыныбекованын атаандашы украиналык спортчу болчу. Күрөш 5: 2 эсебинде кыргыздардын пайдасына аяктады.

Чечүүчү беттеште Тыныбекова АКШдан Кайла Миракел менен күрөшкөн.

Аны 7:0 эсебинде утуп, алтын медалдын ээси болду. Кыргызстандык балбан 2019-жылы Нур-Султанда утуп алган чемпиондук титулун коргоду.

Бул медаль Кыргызстан үчүн турнирдеги үчүнчү медаль болуп калды. 4-октябрда коло медалды Алибек Осмонов, 5-октябрда күмүштү Эрназар Акматалиев утуп алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3788