Ырчы Анжелика милициялар жөнүндө сериал тарткан. Бирок аны эфирге койбой коюшту
RU

Ырчы Анжелика милициялар жөнүндө сериал тарткан. Бирок аны эфирге койбой коюшту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Былтыркы 5-6-октябрь окуяларын баяндаган сериал ИИМдин буйругу менен КТРКнын эфиринен алынып салынды. Бул тууралуу ырчы Анжелика өзүнүн Instagram баракчасына жазып, адилеттүүлүк издеп президент Садыр Жапаровго кайрылган.

"Урматтуу Садыр Нургожоевич! Сизди ачык-айкындуулукту, адилеттүүлүктү туу туткан инсан катары билебиз.

24 сериядан турган, элди мыйзамга баш ийүүгө үндөгөн сериалыбыз эфирден белгисиз себептер менен алынды. Кандай себептер менен биздин сериал туура эмес багытта экенин билгибиз келет. Эл үчүн иштеген режиссёрлордун ишин баалап коюууңузду өтүнөм. Уят сөздөр менен тартылган комедия жанрындагы милицияны шылдындаган тасмаларга эскертүү берилсе туура болмок. Бирок, биздин максат-милициянын аброюн көтөрүү эле. Ушундай иштер болуп жатканын кимге айтаарыбызды, даттанаарыбызбы билбей отурабыз.

Азыр биз - жаштар , элди маданиятка чакырып, элдин ичиндеги көйгөйлөрдү жакшы мисал, мотивация менен гана чече алабыз.

Башка өлкөлөрдө ээнбаштар менен күрөшүү үстүндө - ажолору тасмаларды буйрутма кылып, мамлекеттик кызматкерлердин аброюн көтөртүп келишет.

Биз миң эшикти каккыладык! Бир дагы патриотту таппадык!

Баары акча таппасаңар, эмне кыласыңар милицияны мактап тартып - дегенине карабастан аягына чыктык. Мыкты сценарийге, мыкты режиссёрлук иш көрсөтөлү деп.

Кайдан жаман милиция пайда болот? Аны кандай жепжутарлар жаратат? Баары эле сатылып кеткен эмес. Ачуу чындык, кыйынчылыктар! Кызмат өтөп жатып курман болгондор тууралуу. Бир тамчы дагы милицияга болгон терс пикир жок!

Бир ай мурун МВДнын министри, орун басары болуп МВДнын ичинен тасманы көрсөтүп, колдоо сурап чыкканбыз. Анда болгону жаңы имараттарды кошкула деген сөз болгон!

Бир жыл мурун сериал тартып жатканда жок имараттарды азыр сериалга кошушубуз үчүн канчалаган техника керектелет? Чыгымын ким төлөйт???

Мен өз чөнтөгүмөн 30,000$ акча сарптадым!", - деп ырчы айым жазды.

Ал эми Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан тыюу салбаганын белгилешти. "Биз бул сериал боюнча милициянын кадыр-баркына шек келтирген эпизоддор боюнча гана өз пикирибизди билдиргенбиз. Эфирден алып салгыла деген болгон эмес", - дешет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3794