Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк чемпионатта жарым финалга чыкты
RU

Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк чемпионатта жарым финалга чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Чейрек финалдык этапта ал канадалык Оливия Грейс Д. Baccoну 7:1 эсебинде утту. Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайты мелдештин жүрүшүн түз алып көрсөтүүдө, деп sputnik.kg жазды.

68 килограмм салмакта күч сынашкан Жуманазарова жарым финалда россиялык Ханум Валиева менен кез келет.

Спорттук күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. Турнир 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши менен башталган. 4-7-октябрда кыз-келиндер күрөшү менен уланып, 7-10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3800