Дагы эки партия бирикти. Башка кимдер кошулат?
RU

Дагы эки партия бирикти. Башка кимдер кошулат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ынтымак" жана "Келечек" партиялары биригип, шайлоого чогуу катышат. Бул тууралуу алар кечээ, 6-октябрда, документтерге кол коюу учурунда билдиришти.

Биригүү боюнча документтерге партиялардын расмий лидерлери - Марлен Маматалиев менен Чыңгыз Макешов кол коюшкан.

Аларга "Чоң Казат" менен "Бирге" партиялары да кошулат.

Бириккен партиялар "Ынтымак" деген ат менен катышышат. Буларга дагы бир нече партиялар кошулушу мүмкүн.

Буга чейин "Улуттар биримдиги", "Ар-Намыс" жана НДПК бириккенин жарыялаган. Ал эми "Ата Мекен" жана "Реформа" "Альянс" партиясы болуп биригишкен.

Бардыгы болуп шайлоого 73 партия катышаары айтылган. Бирок, "Аалам" жана Ардагерлер партиясы катышуудан баш тартышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3801