Бишкектин мэри автобустар линияга чыкпай калышы мүмкүн деди
RU

Бишкектин мэри автобустар линияга чыкпай калышы мүмкүн деди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек автотранспорт мекемесинин "Газпромго" 18 млн сом карызы бар. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

"Транспорт токтоп калса, жаңы мэр келип, уурдап жетишкендиктен, автобустар линияга чыкпай калды деп күнөөлөп чыгышат. Бирок бул майдын жоктугунан. 2017-жылдан бери 4 миң маршрутка бар болчу, азыркы күндө болгону 1,5 миң. Учурда 130 троллейбус жана 82 автобус бар", - деп мэр кошумчалады.

Баш аягы 210 автобус алынып келинген, алардын ичинен рейске 80-90 автобус эле чыгып жатат. Жунушалиев Евразия өнүктүрүү банкынын долбоору жөнүндө да айта кетти. Ага ылайык, автобус сатып алууга бюджет бөлүнүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3812