Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду!
RU

Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Балбан Мээрим Жуманазарова Норвегиянын борбору Ослодо өтүп жаткан чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында япониялык атаандашын утуп, чемпион болду.

Мээрим Рин Мьядзини бир колдоп буттан, экинчи колу менен баштан кармап жерге жыгып алды. Бул мүмкүнчүлүктү кое бербестен атаандашынын далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздады.

Мээрим дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешинде кореялык Минджи Ханды 8:0 эсебинде жеңген. Чейрек финалдык этапта канадалык Оливия Грейс Д. Baccoну 7:1 эсебинде уткан. Ал эми жарым финалда россиялык Ханум Велиева менен кармашып, эсеп 3:3 менен аяктаган. Бирок акыркы аракетти кыргызстандык балбан жасаганы үчүн ага артыкчылык берилген.

Маалымат sputnik.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3819