"Игра в кальмара" сериалын кыргызчага которгон Турусбек Жумалиев менен маек
RU

"Игра в кальмара" сериалын кыргызчага которгон Турусбек Жумалиев менен маек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Турусбек Жумалиев бир эле учурда үч функцияны аткарат. Ал чет элдик кинолорду кыргыз тилине түз которуп, актердук чеберчилиги менен дароо үнүн жаздырат.

Жумалиев Кыргызстанда тасмаларды бир үн менен, тексти жок, түз которуу боюнча жалгыз адам болуп саналат.

Учурда популярдуу болуп жаткан "Игра в кальмара" (Кальмар оюну) тасмасын кыргызчага которууда.

Ал айыл аймактар үчүн болгон маалыматтарды кыргызчага которуу пайдалуу деп эсептейт.

"Айылдарда орусча түшүнбөгөндөр аябай көп. Ал эми Кыргызстанда көпчүлүгү айыл-кыштактарда турушат. Шаар менен айылдардыктардын деңгээли бирдей болушу керек. Андыктан маалыматтарды кыргызчага которуп чыгаруу маанилүү", - дейт Жумалиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3820