Менчик клиникадан өрт чыкты: 16 палата өрттөнүп, улгайган киши жабыркады
RU

Менчик клиникадан өрт чыкты: 16 палата өрттөнүп, улгайган киши жабыркады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын ӨКМ кызматы билдиргендей, менчик клиника Өзгөн райондук оорукананын территориясында жайгашкан. Азыркы учурда өрт чыгуунун себептери аныкталууда.

Өрттүн натыйжасында, 16 палата, чатырдын 15 квадрат метри өрттөнүп, ичиндеги жабдыктардын бардыгы жараксыз болуп калган.

Ооруканадан 13 бейтап эвакуацияланып, 1946-жылы туулган киши экинчи даражадагы күйүк алып, жабыркаган.

Өрт чыккан жерден видеону seychas.kg жана shtaf_kg телеграм каналдары жарыялашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/383