Жоломан Шаршенбеков дүйнө рейтингинде 10 баскычка көтөрүлдү
RU

Жоломан Шаршенбеков дүйнө рейтингинде 10 баскычка көтөрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш байге уткандан кийин дүйнөлүк рейтингде күрөш боюнча 60 килограмм салмакта үчүнчү орунга жайгашты, буга чейин ал 13-орунда турчу. Мындай маалымат Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтына жарыяланды.

Кыргыз балбаны 54 упайы топтогон. Ал эми рейтингде биринчи орунда Жоламан Шаршенбеков финалда уттурган молдовалык Виктор Чобану турат. Анда 76 упай бар. Экинчи орунга "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында алтын байге уткан кубалык Луис Альберто Санчес 68 упайы менен жайгашты.

Эске салсак, Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпиондугунун финалында Виктор Чобануга 9:3 эсебинде жеңилип калган.

Маалымат super.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3846