Юрист: Маданият министрлиги жарандардын сөз эркиндигин чектеп жатат
RU

Юрист: Маданият министрлиги жарандардын сөз эркиндигин чектеп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчылар Курал Чокоев жана Кайрат Примбердиевдин тегерегиндеги сөздөр дагы деле токтой элек. Бүгүн, маданият министрлигинде Курал Чокоевге ыйгарылган "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин кайтарып алуу буйругуна кол коюлду.

Кайрат Примбердиев азырынча эч кандай комментарий бере элек. Менеджери, ырчы юристтерден кенеш алгандан кийин билдирүү жасай турганын Kaktus.media'га билдирди. Курал Чокоев менен редакция байланыша алган жок.

Юрист Нурбек Токтакуновдун пикири боюнча, Маданият министрлиги сөз эркиндигин чектеп жатат.

"Азыркы учурда сөз эркиндиги жана ой жүгүртүү эркиндиги бузулууда. Эркиндиктин принципи ушунда - биздин эмне көрүп, эмнени көрбөй турганыбызды мамлекет чечпейт. Эркиндик - бул биз өзүбүз тандайбыз, кааласам сөгүнүп-сагынган адамдарды көрөм, каалабасам өчүруп салам, кааласам, ал ырчыны такыр укпайм, дегенди билдирет. Бул ар бир жарандын жеке иши. Эгер алар эмне көрө турганыбызды биз үчүн чечип баштаса, акырындык менен сөз эркиндигин чектей башташат. Сөгүнгөн сөздөр менен кошо, мамлекеттик бийликти сынга алууга да тыюу салышат", - дейт юрист.

Социалдык тармакта да министрликтин иш аракети сынга алынды.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактагы кыргызстандын сегментинде жарандар Курал Чокоевдин "В пи#ду звезду" деп аталган тамашалуу көрсөтүүсүнө нааразы болушкан. Көрсөтүү хейт-шоу болчу (россиялык "Прожарка" же "Что было дальше" сыяктуу), анын маңызы: чакырылган конокту шылдыңдоо (негизинен атамекендик эстрада жылдыздары). Интернет колдонуучулар катышуучулардын жалаң сөгүнгөн сөздөргө жанга уят нерселерге негизделген тамашасын сынга алышкан. Андан кийин Курал Чокоев долбоорду жаап, видеолорду өчүрүп, жарандардын алдында кечирим сураган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/384