Донорлордон миллиондогон каражат алган мектепте кирди колго жуушат
RU

Донорлордон миллиондогон каражат алган мектепте кирди колго жуушат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Укук Кербени" долбоорунун алкагында Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун В. И. Ленин атындагы мектеп-интернатына мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу укук коргоочулар кеңсесинин басма сөз кызматы маалымдады.

Мониторинг учурунда мектеп ашканасында гигиеналык каражаттар жетишсиздиги, азык-түлүктүн шыпыргы, калак менен катар жерде жатканын, тамак-аш үчүн текчелердин, тамак жасоо үчүн кесүүчү столдун жоктугу бир гана тоңдургуч камеранын болгондугу аныкталган.

Медициналык пунктта керебеттер талкаланган.

Киринүүчү жай жок (ванна же душ бөлмөсү), башка санитардык шарттар да түзүлгөн эмес. Кир жуугуч машиналар жок, жашы жете элек мектеп окуучулары өздөрү кийимдерин чылапчынга суу куюп алып колго (коридордо) жуушат, кир жуучу жай шейшеп, төшөнчүлөрдү жууш үчүн гана колдонулат; ысык суу жок, аны ар кандай жолдор менен жылытуу керек.

Жалпы душ бөлмөсү начар абалда, мындан тышкары жуунучу бөлмө менен жатакананын ортосундагы аралык 700-800 м.,ден ашык, анын натыйжасында күз-кыш мезгилинде балдар ар кандай жугуштуу ооруларга чалдыгуу коркунучунда.

Бул интернаттын жетекчисинин айтымында, бүгүнкү күнгө чейин "Ага Хан Фонду" интернаттын имараттарын жана жатаканаларын суу менен камсыз кылуу үчүн, ошондой турган мончону оңдоо үчүн 3 миллион сом бөлгөн. Мындан тышкары, БУУӨП ушул эле максаттарга 1,2 миллион сом бөлгөн. Ошондой эле, ал өткөн 5 жыл ичинде интернаттын жетекчилиги ашкананы жана №1 окуу корпусун оңдоого грант тартууга жетишкенин айтты.

Бирок интернаттын директорунун пикири боюнча, мамлекеттин колдоосу болмоюн көйгөйлөрдү чечүу мүмкүн эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3855