Аттракциондон секирген аял каза болду
RU

Аттракциондон секирген аял каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын Караганда шаарында, 25 м бийиктикте жайгашкан аттракциондон (тарзанка) секирген аял каза болду деп Казинформ агенттиги билдирди.

Каргашалуу окуя "Созвездие" мейманканасынын аймагында болгон. Мейманкананын чатырында жайгашкан 25 метр бийиктиктен секирген аял жердеги бетон конструкциясына урунган.

"Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилип, шашылыш түрдө операция жасалды. Медициналык чараларга карабастан, жабырлануучу каза болду. Ал 33 жашта болчу", - деп Караганда облусунун саламаттыкты сактоо бөлүмүнөн билдиришти.

Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Соттук териштирүү башталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3859