Ka4eli Fest фестивалына келгендер ичине кире албай жатышат. Эл көп (видео)
RU

Ka4eli Fest фестивалына келгендер ичине кире албай жатышат. Эл көп (видео)

Все самое интересное в Telegram

Бишкекте, Д.Өмүрзаков стадиондун алдында, Ka4eli Fest музыкалык фестивалына келгендердин калың тобу түзүлдү.

Окурмандар Kaktus.mediaга стадионго дагы эле кире элек көп адамдардын видеосун жөнөтүштү.

Эске салсак, Д.Өмүрзаков стадионунда, 10-октябрда Miyagi & Andy Panda, Truwer, The LIMBA, Тамби & Рустам жана башкалар катышкан музыкалык фестиваль өтмөк.

Бирок, аба ырайына байланыштуу концерт бүгүн, 11-октябрга жылдырылды. Концерт саат 15:00дө башталат деп айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60(Бишкек)
url: https://kaktus.kg/3862