Сурамжылоого катышкандардын 53%ы БШКнын ишмердүүлүгүнө терс баа беришти
RU

Сурамжылоого катышкандардын 53%ы БШКнын ишмердүүлүгүнө терс баа беришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек, 12-октябрь 2021-ж. – "Жалпы иш" коомдук фонду IRIнин (International Republican Institute) кыргызстандыктар БШКнын ишинин натыйжалуулугун кандай баалаары жана 2012-жылдан бери баа кандайча өзгөргөнү жөнүндө маалыматтарын талдады.

Маалымат үчүн: IRI 100дөн ашуун өлкөдө коомдук пикир маалыматтарын чогултат. Кыргызстанда IRI 2006-жылдан бери бардык региондордо жыл сайын сурамжылоо жүргүзүп келет. Сурамжылоонун методологиясында негизинен 18 жаштан жогору 1200-1500 Кыргызстандын жарандарынан турган туш келди тандалган тандоо колдонулат. 2012-жылы гана БШК изилденген көрсөткүчтөрдүн арасында "Төмөнкү мекемелердин ар биринин ишмердиги тууралуу сиздин пикириңиз кандай?" деген суроодо пайда болгон.

IRIнин маалыматтары боюнча, 2012-жылы суралгандардын дээрлик жарымы (47%) КР БШКнын ишмердигине оң баа беришкен. Эки жылдан кийин бул баа 31%га чейин төмөндөйт. Ошол эле учурда БШКнын ишмердигин билбегендердин саны өсүүдө, алардын үлүшү 57%ды түздү. БШКнын ишмердиги тууралуу терс пикир айткандардын саны 2012-жылы 38% дан 2014-жылы 12% га чейин төмөндөгөн, бирок 2015-жылдын февраль-мартында 50% га чейин өскөн.

Терс маанай 2020-жылдын 4-октябрында боло турган парламенттик шайлоонун алдында 2020-жылдын августунда (56%) туу чокусуна жеткен, кийин анын жыйынтыгы жокко чыгарылган. Респонденттердин жарымынан көбү (51%) 2021-жылдын январында өтө турган кезексиз президенттик шайлоого чейин БШКнын ишмердигине терс мамиле кылышкан. Биз 2021-жылдын июлунда шаардык кеңештерге кайра шайлоо учурунда сурамжылоолордо дээрлик ушундай көрүнүштү байкайбыз (53%).

Орточо эсеп менен, изилдөө жылдарында КР БШКнын ишмердигине оң баа берүү 31% дан 59% га чейин болгон. Бул азбы же көппү? Бул суроого жооп берүү үчүн, биз Молдова, Армения жана Грузиядагы шайлоо комиссияларынын баа берүүлөрүн салыштырдык, мында IRI жарандарды сурамжылоодо Кыргызстандагыдай эле ыкманы колдонгон. Көрсө, 59% - бул төрт өлкөнүн ичинен эң жогорку оң баа.

БШКнын Молдовадагы ишмердигине оң баа 2015-жылы 13%дан 2019-жылы 41%га чейин термелген. Бирок терс баа берүү каралып жаткан бардык мезгилде үстөмдүк кылат. Каралып жаткан төрт өлкөнүн ичинен Молдованын БШКсы эң жогорку терс баага ээ болгон - 2015-жылы 67%. Грузияда БШКнын ишмердигин баалоо 34% дан 54% га чейин термелет. Кыргызстанга салыштырмалуу каралып жаткан мезгил үчүн кыйла туруктуу баа байкалат. Бирок, 2016-жылдын март айынан бери Грузиянын БШКнын ишине терс баа берүү басымдуулук кылат.

Кыргызстанда Молдова, Армения жана Грузиядан айырмаланып, КР БШКнын ишмердигин баалоодо кескин секирик байкалат. Оң баалоонун туу чокусу 2017-жылдын февраль жана март айларында жүргүзүлгөн сурамжылоолорго туура келет, мында респонденттердин 59% БШКнын ишмердигин оң деп белгилешкен.

Бул убакта БШКнын ишине терс баа бергендердин үлүшү азаят, ошондой эле БШКнын ишин билбегендердин үлүшү азаят. Бул учурдагы төрайым Нуржан Шайлдабекованын жетекчилиги астында БШКнын жаңы курамынын биринчи жылына туура келген. Бийликти тынч өткөрүп берүү менен аяктаган президенттик шайлоодон кийин 2017-жылдын аягында ушундай эле көрсөткүчтөрдү көрөбүз. Андан кийин көрсөткүчтөр төмөндөйт, муну шайлоонун ортосундагы тыныгуу менен түшүндүрүүгө болот.

2020-жылдан баштап, Кыргызстандагы институттар тууралуу жүргүзгөн изилдөөлөрүндө, IRI БШКнын ишмердигин кененирээк изилдеп, аны өзүнчө төмөнкү суроо менен бөлүп көрсөтөт: "Сиздин оюңуз боюнча, Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстанда шайлоону уюштурууда жана мониторинг жүргүзүүдө канчалык натыйжалуу же натыйжасыз?" Мындай изилдөө ыкмасы Кыргызстанда ушул мезгилдеги шайлоо менен болгон коомдук-саясий окуялардын фонунда абдан түшүнүктүү.

IRI бир убакта өлкөнүн тургундарына төрт сурамжылоо жүргүздү - парламенттик шайлоого чейин, 2020-жылдын 4-октябрында, 2020-жылдын декабрындагы президенттик шайлоого чейин жана алардан кийин - 2021-жылдын февраль-мартында жана Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоо учурунда - 2021-жылдын июль айында.

2020-жылдын августунда респонденттердин чоң үлүшү - 56% (көрсөткүчтөрдүн жыйындысында "кандайдыр бир деңгээлде натыйжалуу эмес" 27% жана "өтө натыйжалуу эмес" 29%) БШКнын ишине канааттанган эмес. Суралгандардын дагы 26% БШКнын ишин кандайдыр бир деңгээлде натыйжалуу деп табышты. Ал эми кичинекей бөлүгү гана аны натыйжалуу деп баалашкан - 8%.

2021-жылдын февраль-мартына чейин БШКнын ишине терс мамиленин пайызы оңго караганда жогору бойдон калууда (51%). Андан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердигине оң баа берген көрсөткүч 58%га көтөрүлдү.

2021-жылдын июлунда жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоодо респонденттердин шайлоо процессине болгон кайдыгерлигин сезсе болот. Ошондуктан, баалоо көбүнчө "кандайдыр бир деңгээлде натыйжалуу/натыйжасыз" деп берилет.

Ошентип, БШКнын Кыргызстандагы шайлоону уюштуруудагы жана мониторингиндеги натыйжалуулугун баалоо боюнча IRIнин 10 жылдык изилдөөлөрүндө калктын пикири эки ача болгон. Оң жана терс көрсөткүчтөр боюнча кескин секирик парламенттик жана президенттик шайлоо учурунда байкалат. Жыл өткөн сайын БШКны билгендер же анын ишмердиги менен өлкөдөгү шайлоону уюштурууга, өткөрүүгө жана мониторинг жүргүзүүгө катышкан институт катары таанышкандардын саны көбөйүүдө деп бир беткей айтууга болот.

Басылма жана диаграммалар тууралуу кененирээк маалыматты "Жалпы иш" КФнун веб –сайтынан тапса болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3866