Оштун экс-мэри уулун үйлөнтүп, тойго Ташиев, Матраимов келишти
RU

Оштун экс-мэри уулун үйлөнтүп, тойго Ташиев, Матраимов келишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Оштун экс-мэри Таалайбек Сарыбашев 9-октябрда уулу Нурсултан Насирбековду үйлөнтүп Бишкекти дүңгүрөтө той берди. Бул тууралуу Kloop.kg порталы жазып, үлпөт тою болгонун Сарыбашевдин мурунку кеңешчиси Азамат Абсаттаров тастыктаган экен.

Тойго кимдер келген?

Ошту жашылдандыруу муниципалдык мекеменин жетекчисинин орун басары Нурсултан Шакир уулу өзүнүн Instagram-баракчасына тойдон видео тартып сторисине жүктөгөн. Видеодон УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин жаш жубайларды куттуктап жатканын көрүүгө болот.

"Урматтуу иним Таалай, урматтуу кудалар-кудагыйлар. Барыңыздарды бүгүнкү жакшы кече менен, бүгүнкү той менен куттуктаймын. Таалай иним, жакшы тилек менен той өткөрүп жатасың", - деп Ташиев каалоо-тилек айтты.

Ташиев менен бирге сахнада коррупционер Райымбек Матримов (Ысмаилов), экс-спикер Ахматбек Келдибеков, генералдык прокурор Курманкул Зулушев, депутаттар Улан Примов жана Азамат Арапбаевдер турушту.

Эске салсак, 2020-жылдын октябрь айында Ташиев жетектеген УКМК, Матраимовду бажы кызматында иштеп жүргөндө коррупциялык схемаларды ишке ашырган деген шек менен камакка алган болчу.

Тойду ыр-шаңга бөлөгөндөр: Саламат Садыкова, Мирбек Атабеков, Анжелика Кайратова, Нурлан Насип, Юлия Руцкая. Кечени Санжар Мыкыев алып барды.

Социалдык тармактарга жүктөлгөн видео-фотолорду карап, үлпөт тою "Ала-Тоо" ресторанында өткөнүн түшүнсө болот.

Сарыбашевдин уулу

Сарыбашевдин уулу Нурсултан Насирбеков 24 жашта. Буга чейин Бишкектин борбордук аппаратында уюштуруучу-инспектордук бөлүмдө адис болуп иштеген. Ушул жылдын август айында Сарыбашев Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалганда, уулун жумуштан кетирген. Он күндөн кийин өзү да отставкага кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3867