Жогорку Кеңешке кимдер келиши мүмкүн? Бул шайлоодогу чуулгандуу беш депутат
RU

Жогорку Кеңешке кимдер келиши мүмкүн? Бул шайлоодогу чуулгандуу беш депутат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Октябрь окуялары саясатчылардын шайлоого болгон мамилесин өзгөртүп, парламенттин кийинки чакырылышына кирүү каалоосун басаңдаткандай көрүнгөн. Бирок, алар БШКга биринин артынан бири документтерин тапшырып жатканына караганда эч нерсе өзгөргөн жок окшойт.

Алардын арасында ар кандай сын-пикирлерге карабастан, кайрадан депутат болууну эңсеп жүргөндөр бар. Парламенттин жаңы чакырылышында кимдерди көрө алабыз?

Тазабек Икрамов

Бул депутат улуттук жана диний маданияттын чемпиону катары белгилүү. Мисалы, Икрамов алкоголдук ичимдиктерге Манастагы баатырларынын ысымдарын коюуга тыюу салууну, ак калпакка туура эмес мамиле кылганы үчүн айып пул салууну, орус тилдүү мектептердин жабылышын жактап, өлкөгө пайдасы жок адамдарды жарандыктан ажыратууну сунуштаган. Көп учурда ката кетиргени кашкайып көрүнүп калат. Мыйзам чыгаруучу катары позициясы жана компетенттүүлүгү кыргыз элинин үмүтүн үзүүгө себепчи болуп калышы мүмкүн. Бир нече жолу жагымсыз жагдайларга туш болуп, ар кандай сын-пикирлерге кабылганына карабастан амбициясы солгундабайт. Алдыдадагы шайлоого Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн өзү туулуп өскөн Сузак районунан талапкерлигин коюуга ниеттенүүдө. Балким, шайлоочуларды дагы көп ирет таң калтырат.

Камчыбек Жолдошбаев

Камчыбек Жолдошбаев да дайыма чатактардын каарманы катары таанымал. Жогорку Кеңештин башка кызматкерлери коомдук транспортто жүрсө, ал кымбат машина менен жумушка келгенден уялат. Ошондуктан, аларды да машиналар менен камсыз кылууну сунуштаган. ТЭЦтеги авариядан кийин, Кытайга насыяны кайтаруу боюнча суроо пайда болгондо, бул депутат ишкерлерге өлкөнүн карызын жабууну сунуштаган. Жолдошбаев сырткы келбетине тынчсызданып, жыйындын сыналгыдан көрсөтүлүшүнүн сапатына, тагыраагы, депутаттардын экрандагы кызыл жүзү көрүнгөнү үчүн кыжырданган.

Камчыбек Жолдошбаев 65 жашта, пенсияга чыгуу ниети жок. Ошондуктан, ал Ленин районунан талапкер катары БШКга документтерин тапшырды.

Искендер Матраимов

Искендер Матраимов чуулгандуу Райым Матраимовдордун кланынын башчысы. Парламентте сейрек сүйлөйт. Туугандары журналисттик иликтөөлөрдүн каармандарына айланбаганда, көмүскөдө калган көптөгөн депутаттардын бири бойдон калмак. Матраимов деген ысым мыйзамсыздыктын, коррупциянын символу сыяктуу болуп калган. Ошого карабастан Искендер Матраимов саясаттан кетпей, Жогорку Кеңештин VII-чакырылышынын депутаты болууну көздөп жатат. Ал өзү туулуп өскөн Кара-Суу облусунан талапкерлигин койгон.

Шайлообек Атазов

Ал №8 Төлөйкөн шайлоо округунан ат салышууда. Шайлообек Атазов Матраимовдордун колдоочусусу экенин, Райымбек Матраимовго жан тарткандыгын жашырбайт. Митингдерде аны мактап, сүйлөп келет. Парламентте иштегенине бир жыл боло элек. Буга чейин чыр-чатактуу депутат катары таанылып калган. Ошондой эле, дааватчыларды колдоп, калкка "халал" принциби боюнча кредит берүүнү талап кылган. Андан сырткары, сөз эркиндигин чектей турган жасалма мыйзам долбоорун жактайт. Парламенттеги ишмердүүлүгүнө караганда, депутат болууну жактырат.

Дастанбек Жумабеков

6-чакырылыштын депутаты жана экс-спикер Дастанбек Жумабеков жаңылыктардын эле эмес, интернет мемдердин баш каарманы болуп калды. Парламентте өзүнүн демилгелери менен эмес, ыңгайсыз, оңтойсуз учурлары менен белгилүү болгон. Мисалы ал шаардын атын айтууда ката кетирип, тили келбей күлкүлүү сүйлөйт, же кесиптештери менен чатакташат. Бирок, VII-чакырылышта өзү туулуп өскөн аймактан талапкер катары чуркап жүрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3870