АКШда кыргызстандыктын атылышы: трак-фирманын ээси өз версиясын айтып берди
RU

АКШда кыргызстандыктын атылышы: трак-фирманын ээси өз версиясын айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

.

Адилет Муратбеков АКШ полициясы өлтүргөн кыргызстандык иштеген фирманын ээси. Ал Instagram баракчасында каргашалуу окуяга чейин эмнелер болгонун айтып берди.

Муратбековдун айтымында, дезинформация жүрүп, аны 28 жаштагы Нургазынын өлүмүно айыптуу деп жатышат. Андан тышкары кыргызстандык журналисттер окуянын чоо-жайын билбей туруп, ушактарга таянып жаңылык жазышкан. Натыйжасында күнөөсү жоктор айыптуу болуп калды.

"Чынында, Нургазынын каза болушуна аябай кейип турам. Азыркыга чейин щок абалындамын, анткени ага чейин экөөбүздун мамилебиз жакшы болчу.

Кыска убакытта достошуп, Нургазы жөнүндө көп нерсе билчүмүн. Мисалы жакында эле атасы инсульт болгонун жана Нургазы ага аябай санааркап жатканын билгем. Мен ага инимдей мамиле жасагам. Нургазы, менин таанышым Макс аркылуу 31-августта биздин компанияга жумушка орношкон. Эч кандй төлөнбөй калгн акча тууралуу кеп да болушу мүмкүн эмес. Ал бизге башка трак компаниясынан келген. Ал жакта түшүнбөстүктөр болгон экен. Нургазы бангизатына тест тапшырып, бардык данныйлары текшерилип, ишке орношкон. Бардыгы таза болчу. Мен анын жакындарына терен кайгыруу менен көңүл айтам.

Эмнеден башталды

2-октябрда, алтынчы күнү келинчегим экөөбүз "Петергроф" ресторанына, саат 18:00го тушоо кесүүгө чакырылганбыз. Эртеси өзүбүз тушоо той бермекпиз. Ага Нургазы да конок катары чакырылган болчу. Кечки саат 16:00до Нургазы видеочалуу аркылуу байланышып, мени анын трейлерин хакнул/ буздуң деп айыптады. Анын артынан бирөө аңдып жүргөнүн жана телефонун бузганын (взломать) айтты. Ага тийишпөөмдү жана өз балдарыма да ага асылбай эле коюуну айтып кой деди. Ал өктөм сүйлөп аябай ачуулу болчу. Мен мындай айыптоолордон нес абалда болуп калдым. Алгач жөн гана пранк деп ойлодум. Азыр бошобой жатканымды, тойго шашып баратканымды түшүндүрдүм. Тойго баратканыбызды уккан Нургазы, чакырылбаганына жинденди.

Мен бул менин тоюм эмес, досумдуку, мен өз тьоюма гана аны чакыра ала турганымды билдирдим. Эртең офиске кел, жайдары сүйлөшөлу дедим, болбосо бүгүн ресторан жак келсин, жолугушалы дедим. Андан тышкары трейлер бузулуп калса керек деп түшүндүрүүгө аракет кылдым. Анын мени уккусу жок болчу. Мен ага бир нече жолу аралыктан туруп трейлерге байланыштуу кандайдыр бир манипуляцияларды жасоо мүмкүн эмес экенин айттым. Сөзүбүздү угуп жаткан келинчегим коркутуп үркүтүүлөрду жазыдырп алып, полицияга байланышууну сунуштады. Бирок биз шашып жаткандыктан, эч нерсе кылган жокпуз. Ошол күнү кайра телефон чалып, "Ойлонбой эле кой, все нормально" деп айткан.

Эртеси, 3-октябрда биз өзүбүздүн тоюбузга даярданып жаттык. Коноктор Versailles ресторанына саат 17:00го чакырылган. Нургаазы саат 18:00до досу Макс жана анын үй бүлөсу менен келген. Биз учурашып, ал дагы бир ирет бардыгы жайында, бизге нааразычылыгы жок экенин айтты. Бардыгы жакшы болуп жаткан. Саат 22:00до мага фотограф-кыз келип, Нургазыны көрсөтүп, бул биздин конокпу деп сурады. Анын айтымында ал фотоаппаратты тартып алууга аракет кылган, ашкана персоналы ага каршылык көрсоткөндөн кийин арткы эшик аркылуу качып кеткенин билдирди. Мен аябай ачууланып, ага телефон чалдым.

Нургазы кызыктай сүйлөп, менден кыргызсыңбы, деп сурады, ооба деп жооп берсем, кыргыздарга тийбе, өз кишилериме да кыргыздарга тийбесин деп айтып кой деди. Ал азыр эле мени менен жолугушуп сүйлөшөм дегенинен, конокторум бар, бош эмесмин деп айттым. Эртең офиске кел, контракты бузалы, деп сунуштадым.Ал мага "Делай до конца" деп жооп берип, телефонду коюп салды. "

Эртеси, 4-октябрда, Нургазыга телефон чалсам албай койду. Кечки 15:00до акыры телефонду алды, мен кайрадан офиске кел, контракты бузалы десем, "Керек болсо, өзүң ID-картадагы дарек боюнча келип, алып кет" деп жооп берди. "Пенсильванияга тийбе", "кыргыздарга тийбе", "менин үй бүлөмо тийбе", "no american boy look like american" деп айтты. Мен мындай боло турган болсо полицияга арыз жазууга аргасыз болом десем, "Каалаганыңа жаза бер" деп жооп берген.

Мен полицияны чакыртып, Нургазы менен сүйлөшүп берүүсүн өтүндүм. Нургазыга телефон чалып, полиция менен сүйлөштүрдүм. Ал унчукпай угуп турду.

Мен акырына чейин трейлерди уурдалды деп арыз жазгым келген эмес. Бирок кызматкерлер.ю достор жана полиция кийин мен жооп берип калышым мүмкүн экенин айтышты. Анын үстүно трейлерди издөо үчүн расмий арыз жазыш керек болчу. Мен полицияга эхгер трейлер табылса, Нургазыга доом жок экенин билдирдим.

Эртеси Пенсильвания штатынан Джессика деген полицейский телефон чалып, Нургазы учурда биздин фирмада иштейби деп сурады. Андан тышкары, трейлер кимге таандык, Нургазынын бизде иштеп жатканына канча убакыт болду, анын жүрүм-турумунда кызыктай көрүнүштөр бар беле деген суроолорду берди. Мен Нургазыга эмне болду? Аны камакка алыштыбы? - деп сурасам, бул суроолорго жооп бере албайм, бирок 911ге чакыруу түшүп, таңкы төрттө биздин трактын жана айдоочунун катышуусунда окуя болгонун билдирди.

Башка эч нерсе айтып берген эмес. Аны менен сүйлөшкондөн кийин мен дароо Нургазынын бардык тааныштарына телефон чала баштадым. Нургазынын Америкада агасы бар, бирок экөө сүйлөшпөйт экен. Малика деген дагы бир таанышына байланышып, Нургазынын келинчегине же агасына менин номеримди берүүсүн сурандым. Кийнчерээк мага Бегайым - Нургазынын келинчеги телефон чалды. Мен Нургазыда көйгөй жаралганын айтып, номеримди агасына берүүсүн сурангам. Кийин менин менен Адилет Нургазынын агасы байланышты. Ал полиция участогуна барганын бирок ал жабылып калып, эртеси бара турганын айтты.

6-октябрда, болжол менен саат 08:00до Адилет мага байланышып, бирок эч нерсе түшүндүрүп бере албай койду. Үнүнөн жаман нерсе болгонун түшүндүм. Полицейский Джессикага телефон чалсам, Нургазы эки ирет кол салып, Пенсильваниянын полициясы 911ден түшкөн телефон чалуу боюнча 5-октябрда таңкы саат 4тө чакырууга барганын, полиция кызматкерлери аны трактан чыгып, курал жарагын тапшырууну суранганына карабастан нургазы полиция унааларын тепселеп өткөнүн, полиция ок атканын айтып берди. 7-октябрда, окуя болгон жерде башка кыргыздар да болгонун, алар бардыгын видеого тартып алганын билдик.

8-октябрда окуяга күбө болгон Эламан менен байланыштык. Ал Нургазы менен сүйлөшкөнүн жна полициянын келген учурун видеого тартып алган экен. Эламандын айтымында Нургазы ага кол салып, мойнуна бычак кезеген.

rest area'га (чоң автотрссалардын боюндагы эс алуучу жай, ал жерден элдер май куюп, андан башка кызматтарды да колдоно алышат) келген киши туалеттен чыгып, өзүнө Нургазынын көңүлүн бурган. Ошол учурда Эламан Нургазыны түрткөн. Нургазы берки кишини кууп, ал өз унаасына жашынып жетишкен. Нургазы анын алдынкы айнеги талкалап, анан кайра тракка барып отурган. Башында Эламан кетип калууну чечкен, бирок кайра кайтып келип, Нургазы менен сүйлөшүп көрөйүн деген. Анын Нургазы менен сүйлөшкөн видеосун өзүңөр деле көрсөңөр керек.

Менде бардык далилдер бар, бардык телефон чалуулар, билдирүүлөр, видео телефонума сакталган. Андан тышкары ресторанда Нургазы менен болгон инцедент да жазылуу. Эгер тергөо менден сураса, бул далилдердин бардыгын көрсчөтүп бере алам", - деди Адилет Муратбеков.

Эске салсак, окуя 5-октябрда АКШнин Пенсильвания штатында болгон. Алдын ала берилген маалымат боюнча, кыргызстандык жумуш берүүчүлөрү менен пикир келишпестиктер болгон. Диаспоранын айтымында, жумуш берүүчүлөр Нургазынын айлыгын төлөбөй коюшкан. Жабыркагандар полицияга кайрылып, алар Нургазынын трагын курчашкан. Качууга аракет кылган Нургазы бир нече полиция машинесин тебелеп кеткен. Полици ок чыгарып/, Нургазы атылган.

Башка маалыматка ылайык, кыргызстандыкты башка штатта уурдап-тоноогондугу үчүн Пенсильвания штатына чейин полиция кууп келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3885