Келинин өлтүрүп, сөөгүн жиликтеп салган кайната кармалды
RU

Келинин өлтүрүп, сөөгүн жиликтеп салган кайната кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Туркияда, "Текирдаг" шаарындагы "Черкезкөй" районунда келинин өлтүргөндөн кийин, сөөгүн жиликтеп салган кайната кармалды. Келини кыргыстандык болчу. Бул тууралуу бүгүн, SonDakika маалымат порталы кабарлады.

Черкезкөй Истасион районундагы Ортанча көчөсүндө болгон окуяда 65 жаштагы Фехми А., уулу үйдө жокто, 2 баланын энеси, Кыргызстандык келини Аят А. менен уруша кеткен.

Урушуп жатып, кайнатасы келинине бычак сайып алган. Андан кийин сөөктү жиликтеп, өлүктүн бир бөлүгүн үйүндөгү таштанды чакасына, бир бөлүгүн машинанын багажына салып койгон.

Полицияга кыйкырыктар тууралуу билдирүү алып, окуя болгон жерге дароо келишкен. Фехми А. кылмышын мойнуна алып, багынып берген. Камакка алынган Фехми А.нын процесси улантылууда.

Каза болгон Аят А.нын сөөгү прокуратура жана полиция тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөлөрдөн кийин Черкезкөй мамлекеттик ооруканасына соттук медициналык экспертиза үчүн өткөрүлүп берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3888