Мас киши көчөдө өтүп бараткан аялды сабап салды. Видео
RU

Мас киши көчөдө өтүп бараткан аялды сабап салды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Новониколаевка айылында белгисиз адам аялды сабап салган. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына жабырлануучунун эжеси билдирди.

Анын айтымында, окуя 9-октябрда түштөн кийин болгон. Мас адам өтүп бараткан аялга күтүүсүз жерден кол салган.

"Жабырлануучу көп жаракат алып, азыр ооруканада. Алар ошол эле күнү арыз жазышкан", - дейт тууганы.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы окуя тууралуу маалымат берүүнү убада кылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3896