90-жылдарга кайттыкпы? Кытай менен чек арада айдоочулардан $50 талап кылышат. Видео
RU

90-жылдарга кайттыкпы? Кытай менен чек арада айдоочулардан $50 талап кылышат. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары Kaktus.media редакциясына кайрылып, белгисиз адамдар бир нече жылдан бери алардан ар бир рейси үчүн $50 талап кылганын айтып беришти. Акча төлөгөндөн баш тартсаң, Бишкек - Торугарт чек арасынан өткөрбөй коюшат.

Алардын айтымында, учурда айдоочулар Ат-Башыга чогулуп, бийлик органдарынан алардын көйгөйүнө көңүл бурууну суранышты.

"Пандемиядан кийин, болжол менен 2020-жылдын күз айларынан тартып, "Бишкек - Торугарт" өткөрмө пунктунда "Элита" деп аталган фирма пайда болгон (маалымат булактардын айтымында бул кылмыштуу топтун өкүлдөрү). Алгач алардан үч жүк ташуучу унаа кезек күтпөй иштейт, деп сүйлөшкөнбүз. Кийин улам көбөйө башташты. Алар бардыгын монополияга айландырып, эми жөнөкөй айдоочулар үч жумага чейин күтүүгө аргасыз", - деп айдоочулар билдиришти.

Андан тышкары Адилет, Ислам, Алмаз, Насип жана Эдил деген жигиттер ар бир рейстен айдоочулардан $50 алып турушат. Каражаттын кайда кетип жатканы белгисиз.

"Иш жүргүзүгөн өңдөнүп, $10 миңге чек арадагы шарттарды жакшыртымыш болушту. Бирок бул жөн гана көз боемоочулук. Алар айдоочулардан 100 миңге чукул акча жыйнашкан. Өзүбүз иштейли десек, бут тосуп иштетпей жатышат. Элита - деп топ шопурларды бөлүп алышкан", - дешти алар.

"Урматту Садыр Нургожоевич, сизге кайрылып, бул башаламандыкты чечип берүүсүн суранабыз. Бизден мыйзамсыз ар бир рейстен $50 кармап калышат. Үч жума кезек күтүп жатабыз. Алр өздөрүн өздөру билип алышты. Мисалы менин прицепим эки жылдан бери Кытайда, чыгарып бербей атат", - деп жүк ташуучу унаалардын айдоочулары арызданышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3900