UFC мушкери Рафаэль Физиев муфтиятка таарынып, үй-бүлөсү менен өлкөдөн кетет
RU

UFC мушкери Рафаэль Физиев муфтиятка таарынып, үй-бүлөсү менен өлкөдөн кетет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

UFC мушкери Рафаэль Физиев Кыргызстан муфтиятына таарынып, үй-бүлөсү менен өлкөдөн кетүүнү чечкен. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жарыялаган видео кайрылуусунда билдирди.

Анын айтымында үй-бүлөсү муфтияттын жана башка өлкөдөгү белгилүү адамдардын кысымына кабылган. Бул куугунтуктан жана жалган билдирүүлөрдөн улам, ал үй-бүлөсү менен көчүп кетүү чечимин кабыл алганын билдирген.

"Мен эч качан пропагандалаган эмесмин, инстаграм аркылуу башкалардай эле жашоомду гана көрсөтөм. Ар бир адамдын мындай кылууга укугу бар. Муфтият тарабынан мага жана үй-бүлөмө кысым көрсөтүлүп жатат ", - деп түшүндүрдү Физиев.

Ал мунун баарынан чарчаганын белгилеп, Кыргызстандан үй-бүлөсү менен көчүп кетүүнү чечкенин белгиледи. Аны Кыргызстан менен паспорттон башка эч нерсе байланыштырбайт жана ал Кыргызстандын желегин алып чыгууну токтотот.

"Мага жана мен эч кимге милдеттүү эмесмин. Бул башаламандыкты жараткандар өзүңөргө кол чапкыла. Кудайга койдум", - деп жыйынтыктады Физиев.

Эске сала кетсек, Күрөш федерациясынын вице-президенти Алмаз Бекбоев Instagram баракчада Рафаэль Физиевди диний негизде мазактаган комментарий калтырган. Рафаэль да ушундай катуу жооп берди. Бул кызуу талкууну жаратып, ага кээ бир диний лидерлер да кошулган. Кийин бул билдирүү жана бардык комментарийлер өчүрүлгөн.

Рафаэль Физиев жакында UFCден 14-орунду ээлеп, алдыңкы эң мыкты 15 мушкердин катарына кирген. Акыркы беттешин, тагыраагы 7-августта америкалык Бобби Грин менен өткөрүп, UFC 265те жеңишке жеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3906