Акылбек Жапаров инвесторлор эмнеге качып жатканын түшүндүрдү
RU

Акылбек Жапаров инвесторлор эмнеге качып жатканын түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жергиликтүү бийликти инвесторлорду туура эмес мамилеси менен коркутуп албоого чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-октябрда Баткендеги инвестициялык форумдун алкагында билдирди.

Форумда сүйлөгөн сөзүндө ал республика боюнча инвестиция тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал үчүн биринчи кезекте мыйзамдарды бүгүнкү күндүн талабына ылайык түзүү зарыл экенин кошумчалады.

"Экинчиден, жергиликтүү бийликтин пикирин туура багытка буруп, өзгөртүү керек. Көп учурда айылдык кеңештин жана жергиликтүү калктын деңгээлинде инвесторлорго туура эмес мамиле жасалып, алар качып кетишет. Региондор үчүн инвестициялар бул - жумуш, кошумча салык, инфраструктура, туризм жана жаңы технологиялар. Келечегибизди өзүбүз бузбайлы", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3908