Жердештерим көндүрдү. Камчыбек Ташиевдин бир тууганы шайлоого катышат
RU

Жердештерим көндүрдү. Камчыбек Ташиевдин бир тууганы шайлоого катышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 13-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга ниеттенген бир мандаттуу талапкерлерден документтерди кабыл алуу аяктады.

Талапкерлердин тизмесинде УКМКнын башчысынын иниси Шаирбек Ташиевдин да аты бар.

Шаирбек Ташиев буга чейин берген маегинде жердештери аны шайлоого барууга көндүрүп жатканын айткан. Анткени анын агасы Камчыбек Ташиев азыр мамлекеттик масштабдагы маселелер менен алек. Шаирбек Ташиев бул сунушту дагы эле ойлонуп жатканын жана акыркы чечимди кабыл ала элегин белгилеген.

Ал акыркылардан болуп БШКга документтерди тапшырды. No14 Жалал-Абад округунан шайлоого катышат.

Шаирбек Ташиев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси. Ал бажыда көп жылдар бою иштеп, андан кийин бизнеске өткөн. "Жалал-Абад нефтини кайра иштетүүчү заводунун" директору. Ошондой эле Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты болгон.

Ташиевдердин үй-бүлөсүнүн дагы бир мүчөсү Тай-Мурас жазында Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болуп, бирок жакында эле мандатын тапшырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3910