COVID-19: 98 жаңы учур, анын 74ү Бишкекте
RU

COVID-19: 98 жаңы учур, анын 74ү Бишкекте

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Республикалык штаб 15-октябрдын таңына карата коронавирус жана пневмония боюнча статистиканы жарыялады.

Айыккандар

Бир сутка ичинде COVID-19дан 94 пациент (пневмониясын эске алуу менен) айыккан. Бардыгы - 174 501.

Жаңы учурлар

Акыркы суткадагы коронавирустун жана пневмониянын жаңы учурлары:

  • Бишкек - ​​74;
  • Ош - 0;
  • Чүй облусу - 11;
  • Ош облусу - 0;
  • Талас облусу - 2;
  • Нарын облусу - 0;
  • Ысык-Көл облусу - 9;
  • Жалал-Абад облусу - 2;
  • Баткен облусу - 0.

Жалпысынан бир күндө 98 жаңы учур катталды. Бардыгы болуп 179,681 адам бул ооруга чалдыккан.

Стационардык дарыланууда 476, амбулатордук дарыланууда 576 бейтап бар.

Каза болгондор

Бир күндө эки өлүм катталды.

15-октябрга карата пневмонияны эске алуу менен, бардыгы болуп COVID-19дан 2,629 адам каза тапкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3921