Lexus кишини сүзүп, бир нече метрге сүйрөп кеткен. Видео
RU

Lexus кишини сүзүп, бир нече метрге сүйрөп кеткен. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, саат 23:10до, Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсүндө Lexus RX үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу бир адамды сүзүп кеткен. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясында окуянын күбөлөрү кабарлады.

Кырсык учурунда тартылып калган видеодо айдоочу кишини сүзүп, бир нече метрге сүйрөп кеткен. Кийин жолдун четинде токтоп турган унаа менен сүзүшүп токтогон.

Бишкек Патрулдук кызмат башкармалыгы жол кырсыгынын чоо-жайын билдирип, айдоочу 1999-жылы туулган Т.У. аттуу жаран экенин айтышты.

"Айдоочу түштүк тарапты көздөй баратып, жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Ал 85-үйдүн каршысында жашаган 1977-жылы туулган жаран болгон", - деп белгилейт УПСМ.

Андан кийин Lexus RX унаасы жолдун четинде турган Mercedes-Benz унаасын сүзүп токтогон.

Жабырлануучу ошол жерден каза болгон.

Унаа айып аянтчасына киргизилип, экспертизалар дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3924