Садыр Жапаров Кыргызстанда орус тилинин статусун сактап калууну убада берди
RU

Садыр Жапаров Кыргызстанда орус тилинин статусун сактап калууну убада берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Биздин мамлекеттерди мурунтан бери келаткан тарых жана өнөктөш мамилелер байланыштырып турат. Ал эми Кыргызстандагы орус тилинин статусу официалдуу тил катары сакталат", - деп Садыр Жапаров россиялык "Первый каналга" берген интервьюсунда айтты.

Эске салсак, Садыр Жапаров 10-январдагы, мөөнөтүнөн эртте өткөрүлгөн президенттик шайлоодо добуштардын 80%ын алган. Экинчи орундагы талапкер Адахан Мадумаров экөөнүн ортосундагы айырмачылык 73%ды түзгөн.

"Биздин Россия менен болгон азыркы мамилебиз абдан жакшы. Дипломатиялык, экономикалык мамилелер бар, аскер боюнча дагы, биз бул мамилелерди мындан да жогорку деңгээлге көтөрүүнү көздөп жатабыз. Биз Россия менен болгон ынтымагыбыздан баш тартпайбыз. Биз, ачыгын айтышыбыз керек: Россиясыз бизге аябай оор болуп калат", - деди Садыр Жапаров.

Эскертке кетсек, Кыргызстанда орус тилине расмий статус 2001-жылы эле берилген жана Конституция тарабынан бекитилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/392