Айгүл Жапарова реабилитациялык борборго 500 миң сом бөлүп берди
RU

Айгүл Жапарова реабилитациялык борборго 500 миң сом бөлүп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын канайымы Айгүл Жапарова бүгүн, 15-октябрда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Өмүр булагы" ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдар үчүн реабилитациялык борборун ишке киргизүү үчүн каражат топтоо боюнча кайрымдуулук марафонуна катышты.

Айгүл Жапарова "Өмүр булагы" борборунун ишке кирүүсү үчүн 500 миң сом каражат бөлдү.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров да аталган кайрымдуулук марафонуна катышып, мамлекет башчынын резервдик фондунан 3 миллион сом бөлүп берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3933