Кайрат Иманалиев КТРКга жетекчинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
RU

Кайрат Иманалиев КТРКга жетекчинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бахтияр Алиев КТРКнын гендиректорлук кызматынан кетти. Маалыматты Kaktus.media редакциясына КТРКнын байкоочу кеңеши тастыктады.

Алиев бул кызматка 2020-жылдын декабрь айында дайындалган.

Байкоочу кеңеште белгилегендей, директор өз ыктыяры менен кызматынан кетүү арызын бүгүн жазып, кеңеш тарабынан жактырылган.

"Ал өзү түшүндүргөндөй, башка кызматка дайындалганына байланыштуу кетип жатат", - деп билдиришти.

КТРКга гендриектордун кызматын милдетин аткаруучу болуп экс-маданият министри - Кайрат Иманалиев дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3934