Эмне үчүн билим алуу керек? Жообун төмөндөгү тасмалардан көрсөңүз болот
RU

Эмне үчүн билим алуу керек? Жообун төмөндөгү тасмалардан көрсөңүз болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим алуу маанилүү экенин билесиз. Бирок, кино көргүңүз келип жатса төмөнкү кинолорго назар салып көрүңүз.

"Воспитание чувств" (Сезимди тарбиялоо)

Тасмада адам эң биринчи келечеги жана максаттары тууралуу ойлонушу керектигин түшүндүрүүгө аракет кылат. Эч кандай сүйүү мамилеси билимден, өзүн өзү өнүктүрүүдөн жана кыялдарынан баш тартууга татыктуу эмес. Бул ой-жүгүртүүнү фильмдин каарманы өз тажрыйбасы аркылуу түшүнөт, көрөрманга сезимдерди кантип тарбиялоо керектигин үйрөтөт.

"Карнавал"

Тасма актриса болгусу келген айылдык кыздын окуясын баяндайт. Кызыгы, башкы каарман кыялын ишке ашыруу үчүн барына даяр. Ал чоочун жана бейтааныш шаарга көчүп барууга, күнү -түнү иштөгө жана мектептин кеңсесинде түнөгөнүнө да ыраазы. Фильмдин өзөгүндө максатка жетүү үчүн баардык кыйынчылыктарга туруштук берүү. Башкысы адам ичиндеги каалоосун жоготпошу керек.

"English Vinglish"

Шаши- байлар менен иштешкен күйөөсү жана мыкты мектептерде билим алган балдары үчүн баарына даяр. Бирок, англис тилин билбегендиги үчүн дайыма үй-бүлөсү тарабынан кемсинтүүгө дуушар болот. Америкада жашаган тууганына барып, эч кимге айтпастан англис тилин үйрөнүүнү чечет. Тилекке каршы, Шашинин бар болгону 4 жума убактысы бар жана ал бул аралыкта англис тилин үйрөнүүгө жетише алабы? Тасмада аялдын англис тилин үйрөнүүгө болгон аракети, өзүн өнүктүрүүсү жана АКШдагы жаңы окуялары баяндалат.

"Кадрлар" (Кадры)

Тасма - жаңы гана эски жумушунан биротоло чыгып, Google'га жумушка орношууну каалаган эки дос тууралуу баяндайт. Алардын бул тармак боюнча атайын билими жана тажрыйбасы деле жок. Бирок ар бир ишке кылдат мамиле жасоо жана талыкпаган мээнеткечтик аркылуу көп кыйынчыылктарды жеңе алышат. Алар сыноодон ийгиликтүү өтүп, өздөрү каалаган жумушка орношууга жетишет.

"Мона Лизанын жылмаюусу"

Жаш мугалим "Ийгиликтүү карьера-аялдар үчүн эмес" деген стереотипти жок кылууну кыялданат. Ал студент кыздарга бейкалыс пикирлерден арылууга жардам берет жана аларды көп нерсеге умтулууга шыктандырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3939