ӨКМдин экс-башчысы депутат болууга аттанды
RU

ӨКМдин экс-башчысы депутат болууга аттанды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нурболот Мирзахмедов бир мандаттуу округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин экс-башчысы, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү No13 Сузак шайлоо округу аркылуу мандат үчүн күрөшүүгө ниеттенүүдө.

Жалпысынан бир мандаттуу округдар боюнча шайлоого катышууну каалагандардан 387 арыз түшкөн. Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3940