Валентина Шевченко катышкан тасманын расмий трейлери жарык көрдү
RU

Валентина Шевченко катышкан тасманын расмий трейлери жарык көрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Валентина Шевченко тартылган "Көгала" тасмасынын расмий трейлери чыкты.

Белгилей кетсек, "Көгала" тасмасы Холли Берринин режиссердук дебюту болуп саналат. Өзү дагы башкы ролдун бири жалгыз бой эне Жеки Джастинин образында ойногон.

Бала менен рингдин ортосунда жүргөн Жеки спорттук карьераны тандаган. Бирок, эрежесиз урушта ийгиликке жете албагандыктан, алты жашар уулун кайтарууну каалайт. Аны ата-энелик укуктарынан ажыратабыз деп коркутушат, андыктан Жеки өзү жана баласынын келечеги үчүн рингге кайтып келет. Холли Берринин башкы атаандашынын образын Валентина Шевченко аткарган. Netflix бул тасманы 20 миллион долларга сатып алган. Драма Netflix'ке 2021-жылдын 24-ноябрь күнү чыгат.

Холли Берри буга чейин Валентина менен съёмка учурунда дос болуп калганын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3945