Аида Касымалиева парламенттик шайлоого катышпай тургандыгын билдирди
RU

Аида Касымалиева парламенттик шайлоого катышпай тургандыгын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева өзүнүн Facebook баракчасына парламенттик шайлоого катышпай тургандыгын билдирген.

"Кымбаттуу мекендештер, санаалаштар, достор!

Эртең шайлоого катышууну каалаган талапкерлер, партиялар үчүн документтерди толук тапшыруу үчүн акыркы күн.

А мен болсо сиздерге өз чечимимди алдын ала билдирип коюуну туура көрдүм. Бул ирээт шайлоого катышпайм, бирок ар дайым мамлекетибиз жана элибиз үчүн кызматтамын. Бардык талапкерлерге, айрыкча айымдарга ийгилик каалайм. Сиздерди жакшы көрүп жана сыйлап, Аида Касымалиева", - деп жазган.

Эске салсак, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система менен (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмеси боюнча), бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайланат. Дагы 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округунда мажоритардык система боюнча шайланат. Бардыгы болуп Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышында 90 депутат болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3949